Биз менен байланышыңыз

«Президенттик шайлоо учурунда 86 арыз-кайрылуу түшкөн»

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 797 | 0

Буга чейин бир нече коомдук уюм үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого байкоо салган. Анын негизинде жыйынтык чыгарылып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, саясат талдоочуларга жана БШК мүчөлөрүнө жасалган иштер тууралуу маалымат берилди. Негизинен шайлоо учурунда «Жалпы иш» коомдук фонду, «Таза шайлоо» ассоциациясы жана «Социалдык технологиялар агенттиги» жүргүзгөн изилдөөлөр тааныштырылып, мыйзам бузуулар, каражаттардын сарпталышы жана гендердик тең укуктуулук боюнча отчет каралды.

«Жалпы иш» коомдук фонду мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө акыркы отчетун даярдап, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана Борбордук шайлоо комиссиясына берди. Алар шайлоо мыйзамдарын мындан ары да күчтөндүрүүгө, жарандардын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашырууга, шайлоо фонддорун каржылоо ачык-айкын болушуна, укук бузулушуна каршы натыйжалуу иш-чараларды жүргүзүүгө жана шайлоо комиссияларынын дараметин жогорулатууга багытталган.

Аталган фонддун шайлоо боюнча эксперти Канышай Мамытова шайлоо маалында жана үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар көп катталганын белгиледи. Мамытованын айтымында, президенттик шайлоодо мониторинг инциденттик формада жүргүзүлгөн. Мунун негизинде эң маанилүү делген 3 категорияда: добуш сатып алуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча мыйзам бузуулар катталган. Жалпысынан 86 арыз келип түшкөн.

«Президенттик шайлоодо мониторинг инциденттик формада жүргүзүлдү. Анда эң негизгиси болуп жаткан 3 категориядагы мыйзам бузууларды анализдешти. Жалпысынан бизге 86 маалымат келип түшкөн. Анын 53ү административдик ресурстарды колдонуу, 17си шайлоочулардын добушун сатып алуу, 16сы шайлоочуларга кысым көрсөтүү деп каралган. Административдик ресурстарды колдонуу боюнча 44 арыз талапкер Садыр Жапаровдун атына түшкөн. Байкоочулар: «Ушундай окуя болуп жатат», — деп бизге жиберет, биз аны тактап, далилдегенден кийин БШКга, милиция жана прокуратура органдарына жиберебиз. Бирок бүгүнкү күндө бир гана БШК чараларды көрүп, биздин арыздардын негизинде 9-январда 4 шайлоо тилкеси жана шайлоо күнү 1 тилке жокко чыгарылды. Ошондой эле, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө дисциплинардык чараларды дайыма жүргүзүп келет». 

Иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да катышып, өткөн шайлоо боюнча өз пикирин билдирди.

«Шайлоо процессинде көз карандысыз коомдук көзөмөл өтө маанилүү. Анткени ал жарандардын кызыкчылыгына багытталган. Жарандардын шайлоо укуктарын толук түрдө ишке ашыруу үчүн кызмат кылат. Биз уюмдардын сын-пикирлерин, сунуштарын эске алып, шайлоо процессиндеги иш-чаралардын планын иштеп чыгабыз. Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай уюмдар менен чогуу иштешкенге дайым даяр». 

Иш-чаранын жыйынтыгында, коомдук уюмдардын өкүлдөрү пикир алмашып, мамлекеттик кызматтагы өкүлдөргө бир катар сунуштарды айтып, өзгөрүүлөр туурасында талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM