Биз менен байланышыңыз

Талапкерлердин соцтармактарда сапырган акчасы

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 26 Фев 2021 | 1000 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө жана президенттик кызматка ат салышкан талапкерлерлердин үгүт өнөктүгүнө көз карандысыз байкоо салган. Мунун алкагында 17 талапкердин киреше жана чыгашасына да мониторинг жүргүзгөн. Мындан келип чыккан жыйынтык, тактап айтканда, жаңы тутум кандай иштегени, шайлоо фонддору канчалык ачык-айкын болгону жана бул багытты өнүктүрүү маселеси жөнүндө маалымат беришти.

Фонддун эксперти Бакытбек Самаков шайлоо фонддорунун каржылык булактары ачык жарыяланышы керек деп эсептейт. Анын байкоосуна караганда, азыркы тутум талапкерлердин шайлоо фонддоруна салым кошкон адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын изилдөөгө жол бербейт.

«Жалпы иш» коомдук фондунун эксперти Бакытбек Самаков

«Эгерде биз акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын көрбөсөк, анда бул акча кайдан келип жаткандыгын ишенимдүү деп айта албайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлерден акча каражатынын келип түшкөндүгү жана кимден келгендиги жөнүндө гана маалымат бар. Бул жетиштүү эмес. Ошондуктан биз бул каражаттардын келип чыгуу булактарын ачыкка чыгаруу керектигин сунуштайбыз. Кыргызстан шайлоо учурунда саясий партиялар менен талапкерлерге түшкөн жана жумшалган акчаларга көзөмөл жүргүзүү боюнча биринчи жана маанилүү кадамын баштады. Жаңы системанын кандай иштей турганы, шайлоо фонддору канчалык ачык экендиги, өнүктүрүүдө кандай пландар ишке ашышы керектиги туурасында биздин эксперттер март айынын башында коомчулукка сунуштайт».

«Жалпы иш» коомдук фонду 2020-жылдын 17-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки мезгилде талапкерлердин Фейсбуктагы жарыяланган материалдарына байкоо жүргүзгөн. 10-январда өткөн президенттик шайлоого ат салышкан 13 талапкер Facebook социалдык тармагына 300дөн ашык жарнамалык ролик жайгаштырган. Бул тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун СММ-аналитиги Малика Алимбаева билдирди. Анын айтымында, 4 талапкер: Клара Сооронкулова, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов жана Садыр Жапаров акы төлөнүүчү жарнамадан баш тарткан. Ал эми эң көп, 74 жарнамалык билдирүүнү талапкер Элдар Абакиров жарыялаган.

«Бул социалдык медиага байкоо жүргүзүү жана талдоо боюнча биздин алгачкы пилоттук долбоорубуз болгондуктан, бир гана Facebook социалдык тармагын алдык. Анткени, Facebook Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык тармак болуп эсептелинет. Талапкерлердин чыгымдары аймактык контентте да айырмаланат. Мисалы, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында таргетинг жарнаманы колдонгон бир да пост, бир да талапкер болгон жок. Ал эми анализдин жыйынтыгында, эң көп таргетинг жарнаманы колдонгон аймактар Бишкек шаары, Чүй жана Ош облустары болгон». 

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Акылбек Сариев фонддун шайлоого көз карандысыз байкоосу жана жыйынтыгы мамлекетке пайда алып келерин белгилейт.

«Ушундай уюмдар өзүнүн ишин алып барганы — жакшы көрүнүш. «Жалпы иш» коомдук фонду — жаңы субъект. Буга чейин да бул тармакта иш аткарып келген. Менин оюмча, ушул тармакта аткарылып жаткан жумуштарды улантуу керек. Анткени алардын иш-аракеттери мамлекетке кандайдыр бир деңгээлде пайда алып келет. Мен мындай иштерди колдойм». 

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин шайлоо фонддоруна каражаттын келип түшүүсү жана сарпталышы жөнүндө маалыматты БШКнын расмий сайты аркылуу иликтегенден кийин, фонд Фейсбуктагы таргетинг жарнаманын чыгымдары эсепке алынбай калганын байкаган. Иш-чаранын жыйынтыгында «Жалпы иш» коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясына, ошондой эле талапкерлерге бир катар сунуштарын берди.

Copyright © 2017 Maral FM