Индиянын Калькутта шаарында өрт кырсыгы катталып, 7 адам каза болду.
Маалыматтар боюнча, көп кабаттуу имараттын 13-кабатындагы иш кеңсесин өрт чалган. Анын кесепетинен өрт өчүрүү жана полиция бөлүмүнүн 4 кызматкери, ошондой эле темир жол бирикмесинин кызматкерлери каза тапкан. Беш адамдын сөөгү 12-кабатта лифттен табылган.
Тилсиз жоо лифт колдонуу учурунда чыкканы айтылды.
Дагы 2 адам дайынсыз болууда. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, учурда издөө иштери жүрүп жатат.