Биз менен байланышыңыз

Кытай «саясий вируска» каршы күрөштө Орусия менен кызматташат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 505 | 0

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И коронавирус пандемиясынын шартында дүйнө жүзү боюнча «саясий вирус» жайылып баратканын, ага каршы Кытай менен Орусия биргеликте күрөшө турганын билдирди.

«Пандемия фонунда Кытай менен Орусия «саясий вирустун» жайылышына каршы биригишти. Эми алар бул «илдет» менен ийиндеш күрөшөт. Чындыкты бурмалоого, эгемендүүлүккө залака тийгизүүгө жана саясий туруксуздук жасоого болгон бардык аракеттерге каршы биргелешип күрөшөбүз», — деди Ван И.

Министр Бээжин менен Москва түстүү ыңкылаптарга каршы экенин кошумчалап, АКШнын башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишүүсү дүйнөдө көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгиледи.

«Америка Кошмо Штаттары демократияны жана адам укуктарын коргоо шылтоосу менен илгертен эле башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип келген. Бул дүйнөдө көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып, айрым учурларда башаламандыкка жана чыр-чатакка алып келет», — деди министр.

Буга чейин АКШны Кытай эл аралык тутумдагы жалгыз атаандаш деп эсептесе, Орусия «диверсиялык» деп эсептеген.

Copyright © 2017 Maral FM