Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда аял жумушсуздуктан өзүн-өзү өрттөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 412 | 0

Түркмөнстандын Тазе Усул айылынын тургуну, 40 жаштагы аял өзүн-өзү өрттөп каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.

Маалыматка караганда, каза тапкан Ыкбал Егенбердиева эки баланын апасы болгон. Күйөөсүнүн туруктуу иши болгон эмес. Ал буга чейин базарда жашылча сатып, үй-бүлөсүн багып келген. Пандемиядан улам базарлар жабылып калгандыктан, үй-бүлө жер тилкесин ижарага алып, буудай айдап көрүшкөн. Бирок ал жерден тапканы ижарадан жана салыктан ашпай калган.

Туугандарынын айтымында, аял акыркы күндөрү депрессияда жүргөн. Анын өлүмгө жеткирген себеп жумушсуздук, жетишпес жашоо болушу экени айтылууда. Ыкбал эч ким көрө албаган шкафка кирип, өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Ал ооруканага жетпей көз жумган.

Сөөк коюуну уюштурууда ассоциациянын жетекчилиги жардам берген жок. Адатта, мындай учурларда үй-бүлөгө бир мүшөк ун, күрүч, сабиз бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM