Биз менен байланышыңыз

Тадж-Махалдан миңге жакын турист сыртка чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 491 | 0

Белгисиз адам Индия полициясына Тадж-Махалда бомба катылганын маалымдаган. Мындан улам ал жердеги миңдеген турист коопсуз жайга чыгарылган. Бул тууралуу «One India» басылмасы жазды.

Индиянын Куралдуу күчтөрү жана Агра полициясы имаратты курчоого алып, бир нече сааттык издөө иштерин жүргүзгөндөн кийин туристтик жайдан бомба табылбаганын маалымдашты. Жалган билдирүү калтырган адамдын Ферузабаддан чалганы белгилүү болду.

Тадж-Махал пандемияга байланыштуу жабылып, жарым жылдан соң, 2020-жылы 21-сентябрда кайрадан ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM