Биз менен байланышыңыз

Таңкы тамакты ичпеген бала аз кандуулукка чалдыгат

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 1438 | 0

Балдар дарыгери Эрсин Сары ата-энелерге баланын тамактануусун көзөмөлдөөнү, айрыкча эртең мененки тамагына өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт. Баланын таңкы тамактан баш тартуусу мектепте жаңы маалыматтарды кабыл алуусуна, сабак өздөштүрүүсүнө гана терс таасирин тийгизбестен, ден соолугуна да зыян келтириши мүмкүн.

Жетиштүү жана пайдалуу заттарга бай азыктар менен тамактанбаган балада аз кандуулук пайда болот. Бул да баланын мектептеги ишине, тагыраагы, маалыматтарды кабыл алып, өздөштүрүүсүнө терс таасирин тийгизет. Айрыкча, эртең мененки тамакты ичкен окуучу ачкарын классташтарына караганда окууда көп ийгиликтерди жаратат.

«Балдардагы аз кандуулук олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн», — дейт балдар дарыгери Эрсин Сары.

Аз кандуулук

Аз кандуулук — эритроциттердин санынын керектүү көрсөткүчтөн төмөн түшүп кетиши. Бул илдет ар кандай курактагыларда болушу мүмкүн экенине карабастан, темир жетишсиздиги балдарда көбүрөөк кездешет. Аз кандуулук алардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Эгерде маани бербесеңиз, убагында дарылабасаңыз, баланын акыл-эси өөрчүбөй калышына чейин алып келет.

Аз кандуулук өнөкөт ооруларды пайда кылат

Аз кандуулуктун башкы себеби: организмдеги темирдин жетишсиздиги. Тактап айтканда, организмде темир жетишсиз болсо, эритроциттер керектүү көлөмдө гемоглобин өндүрө албайт. Аз кандуулук тамак-аштарда В-12 витамини жана фолий кислотасы жетиштүү көлөмдө болбогон учурда да пайда болот. Ошол эле учурда бөйрөк оорулары, артрит жана кургак жөтөл да аз кандуулуктун себеби болушу ыктымал.

Аз кандуулуктун белгилери 

Аз кандуулук менен жабыркаган балдардын иммундук системасы начар жана тез эле ооруп калышат. Баладагы бул оору белгилер менен коштолот:

— чарчоо;

— табити жоголуу;

— өңү кумсаруу;

— башы айлануу;

— жүрөктүн тез согушу;

— маалыматты кеч кабыл алуу, акылдын өнүкпөй калуусу.

Мектепте ийгиликке жетүү үчүн аз кандуулуктун алдын алуу

Аз кандуулукка чалдыккан балдар үчүн диета кармоо өтө маанилүү. Алар биринчиден, темирге бай азыктарды жеши керек. Аз кандуулукту дарылоодо жана алдын алууда жаңы союлган эт, жаңы сыгылган жемиш ширеси, кургатылган жемиш, мейиз, жумуртка, буурчак өсүмдүктөрү пайдалуу.

Өзгөчө мектеп жашындагы балдар жетиштүү жана салмагына ылайык тамактануусу керек. Туура эмес тамактануу балдардын маалыматты кабыл алуусуна терс таасирин тийгизет. Эртең мененки тамакка кара нан, ошондой эле сүт, жумуртка, сыр сыяктуу белокко бай азыктарды берген туура болот. Бул акыл-эстин өнүгүүсүнө жана дүйнөнү таанып билүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Аз кандуулукту айыктырса болобу?

Балдардагы аз кандуулукту дарылоо үчүн биринчи кезекте ооруну пайда кылган факторду аныктоо керек. Дене темирди жетиштүү деңгээлде ала албай калганда аз кандуулук пайда болот. Бул — аталган илдеттин дүйнөдө эң кеңири тараган түрү.

Кан анализинин жардамы менен аз кандуулуктун жалпы абалы жана түрү аныкталат. Андан кийин курамында темир бар дары менен дарылоо башталат. Ымыркайларга дары сироптору жана тамчылары колдонулат. Дарылоо учурунда жана андан кийин үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, баланын жалпы абалын көзөмөлдөп туруу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM