Биз менен байланышыңыз

1146 мектепте ысык тамак берилүүдө

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 822 | 0

Азыркы тапта өлкөдөгү 1146 мектепте ысык тамак берүү программасы иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун Дуйнөлүк тамак-аш программасынын колдоосу менен ишке ашып жатат. Анын негизинде мектептерде оңдоп-түздөө иштери жүрүп, ашканалары жабдылган. Натыйжада 2262 мектептеги ашкана жана буфеттер окуучуларга ысык тамак берип иштей баштаган.

Белгилей кетсек, эки жыл аралыгында туура тамактануу боюнча 5 миң кызматкер жана 15 миң окуучуга семинарлар өтүлгөн. Учурда өлкөдөгү мектептердин 65 пайызынын өз чарбасы бар.

Copyright © 2017 Maral FM