Биз менен байланышыңыз

Москвадагы курулуш иштерине миңдеген жумушчу жетпей жатканы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 885 | 0

Москвадагы курулуштарга 20 миңге жакын жумушчу жетишпейт. Бул тууралуу Москва курулуш башкармалыгынын башчысы Рафик Загрутдинов билдирди.

«Бүгүнкү күндө курулуш объектилеринде болжол менен 45-47 миң адам иштейт. Эгерде Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин тапшырмаларын карап көрсөк, анда дагы 20 миңге жакын жумушчу күчү жетишпестигин байкай алабыз. Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги актуалдуу көйгөй болуп турган учуру жана биз аны чечүү аракетиндебиз», — деди Загрутдинов.

Буга чейин Сергей Собянин пандемияга байланыштуу чек аранын жабылышы Москвадагы курулуштарда он миңдеген жумушчунун жетишсиздигине алып келгенин айткан.

Анын айтымында, кырдаал 2021-жылы жакшырышы керек. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулаганына карабастан, шаар мэри жумуш сунуштаган орундар мындан да жогору экенин маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM