Май айынын аягына чейин «COVAX» программасы 147 өлкөгө 237 миллион доза «AstraZeneca» вакцинасын жеткирет. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди.
Жеткирүү мөөнөтү ар кандай факторлорго, анын ичинде ченемдик-укуктук талаптарга, эмдөө боюнча бекитилген улуттук пландарга жараша болот.
Ошондой эле жылдын биринчи кварталында 1,2 миллион дозадан «Pfizer-BioNTech» вакцинасын берүү пландаштырылууда.
«COVAX» программасынын милдети — 2021-жылдын аягына чейин ДСУ тарабынан бекитилген коопсуз жана натыйжалуу 2 миллиард доза вакцинаны таратуу. Вакциналар бардык катышуучу мамлекеттер арасында калктын санына жараша бирдей бөлүштүрүлөт.
Жакында эле Гана мамлекети «COVAX» программасынын алкагында вакцина алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.
2-мартта программанын алкагында Анголага 600 миң дозадан ашык коронавирустук вакцина жеткирилген.