Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандын студенттерине акысыз квоталарды көбөйтөт

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 568 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде Садыр Жапаровдун Орусияга жасаган иш сапары учурунда өлкө башчылары кабыл алган макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу талкууланды.

Ошондой эле Орусиянын «COVIDсиз саякат» программасына Кыргызстандын катышуу маселеси каралды. Программага катышуу үчүн кыргыз медициналык лабораторияларынын Орусия керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоо боюнча макулдашылган. Бул чечим кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, атап айтканда, кыргызстандык студенттердин Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана «Россиялык мугалим чет өлкөдө» программасы боюнча Орусиянын мектеп мугалимдеринин санын көбөйтүү жөнүндө сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM