Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Чек ара аймагында жашаган жарандар мамлекеттин колдоосун сезиши керек

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 515 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов 2021-2025-жылдары өзгөчө статуска ээ болгон Кыргызстандын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планын талкуулоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын отурумун өткөрдү.

«Жергиликтүү тургундар күн сайын туш болуп жаткан чыныгы көйгөйлөрдүн чечилишин планга киргизүү зарыл. Эң башкысы, алар «кагаз бетинде» гана эмес, иш жүзүндө колдонулушу керек», — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле ал инфратүзүмдүк долбоорлор артыкчылыктуу болушу керектигин, ошону менен бирге ишкердик стартаптарга өзгөчө көңүл бурулууга тийиштигин кошумчалады.

«5-8 адамды жумуш менен камсыз кылган жергиликтүү ишкерлерге дем берип, салыктык жеңилдиктерди берүү, жеңилдетилген насыя ресурстарын сунуштоо, өндүрүмдөрдү коңшу өлкөлөргө сатууга көмөктөшүү мүмкүндүктөрүн карап чыгуу кажет. Бул аймактардагы экономикалык көрсөткүчтөрдү көтөрүп гана тим болбостон, аларды жогорулатууга кошумча түрткү берет», — деп жыйынтыктады Марипов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM