Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 804 | 1

Жалал-Абад облусунда КР эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу акындын санаалаштары маалымдады.

Китепкана Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жайгашкан. Китепкананы ачуу демилгеси «Адеп башаты» фондуна таандык.

Кошумчалай кетсек, замандын залкары, эл уулу Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам көз жумган. Көзү тирүү болгондо 17-январда 43 жашка толмок.

1 пикир

1 пикир

  1. Сооронбай Жээнбеков

    02.03.2021 13:27

    Сонун болуптур. Жараткан жалгасын, ушу демилгечилерди. Башка сүрөттөр дагы бар бекен китепканадан?:)

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM