Ири алдамчылыкка айыпталып жаткан жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматында, И. Э. жана М. Э. аттуу жарандар 2019-жылдын 4-мартында беш батирди кеңсеге алмаштырып берүү убадасы менен акча алып, качып кетишкен. Жарандар 21 миллион сом зыян тартышкан.
Шектүүлөрдүн бири 1986-жылы туулган И.Э. кармалып, эки айга камалды. Экинчиси издөөдө.