Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 405 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 22 адамдан табылып, 31 бейтап айыкты. Ошондой эле Бишкекте 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 251 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 210 киши айыгып чыкса, 1 миң 466 адам каза болду.

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 622 адамдан коронавирус тастыкталган. Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 213 431 адамга коронавирус жукту.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 40 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 79 926 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 78 496 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 54 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 808 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 146 адам оор, 27 бейтап өтө оор абалда.

Коңшу өлкө Тажикстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы бейтап катталбаганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы бир жумада Тажикстанда коронавирусту жуктуруп, айыгып, көз жумган адамдардын саны жаңыланган жок.

2020-жылдын 30-апрелинен бери Тажикстанда жалпы 13308 адамдан коронавирус табылып, анын ичинен 13218 бейтап айыкты. Оорунун кесепетинен 90 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM