Биз менен байланышыңыз

IT тармагында иштеген ишкерлер туш болгон көйгөйлөрдү аташты

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 682 | 0

Кыргызстандагы IT тармагы үчүн мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар. Ушул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашырылбастан калууда. Мындай көйгөйлөрдү IT тармагындагы ишкерлер премьер-министр Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда айтышты. Анда алар мамлекеттеги бюрократияны, көзөмөлдөөчү жана укук коргоочу органдардын текшерүүлөрү ишке тоскоолдук жаратканын айтышкан.

«Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок болгондуктан, бул жалпысынан санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, эл аралык бизнести тартып, ар кандай демилгелерди тоскоолдукка учураткан бюрократияны, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдары тараптан ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду токтотуу керек», – деп билдиришти IT бизнес тармак өкүлдөрү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Марипов биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө, андан соң баскычтуу түрдө башка актуалдуу маселелерди чечүү убадасын берди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM