Биз менен байланышыңыз

«Жапаровдун тагдырына кайдыгер карай албайм»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2021 | 1000 | 0

Экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева «Маралга» берген маегинде президент Садыр Жапаровдун тагдырына кайдыгер карай албай турганын билдирди.

«Анткени 2010-2021-жылга чейин бирге болуп, өз вазыйпамды аткардым. Өтө оор күндөрү Жапаровду таштаган жокмун. Ошол эле Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Талант Мамытовдорду да таштаган жокмун. Ошондуктан мен ийгилик гана каалайм», — дейт Жолдошева.

Анын айтымында, Жапаровдун ийгиликке жетиши кадрлардан көз каранды. Аларды тандоодо «серый кординалдар» буйрук бербестен, кадрлар боюнча резервди кайрадан иштетүү керек.

«Азыркы тапта жогорку жактагылар алмашты, бирок эски команда калып калды. Ал команда системаны калтырып койду да, ирээнжүү башталды. Жапаров буга да көңүл бурушу керек», — дейт Жолдошева.

Copyright © 2017 Maral FM