Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Ооруканадагы 20 адам өтө оор абалда

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 431 | 0

Кыргызстанда 26-февралга карата 51 адамдан коронавирус табылды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 86 миң 142ге жетти.

Акыркы бир суткада 55 бейтап сакайып, өлүм учуру катталган жок. Март айынан бери 1 миң 463 адам каза болду.

Ооруканаларда 368 бейтап, үй шартында 313 адам дарыланып жатат. Анын ичинен 20 бейтап өтө оор абалда, 86 киши оор абалда. 258 бейтап орто оордукта, төрт адамдын абалы канааттандырарлык.

Акыркы сутка ичинде бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 204 медицина кызматкерине вирус жукту. Анын ичинен 4 миң 172 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM