Биз менен байланышыңыз

Айя-Софья маселеси: Греция Түркиядан дагы эмнени талап кылууда?

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 372 | 0

Греция бир катар эл аралык уюмдар менен биргеликте Түркиядан Айя-Софья мечитине музей статусун кайтарып берүүнү суранууда. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 46-сессиясында Грециянын Тышкы иштер министри Никос Дендиас билдирди.

Ал маданий укуктардан толук пайдалануу жана маданий мурастарды сактоо маселеси Греция үчүн абдан маанилүү экендигин белгиленди.

«Бардык мамлекеттер, саясий, экономикалык жана маданий тутумдарына карабастан, эстеликтердин статусун өзгөртүүдөн алыс болушу керек»,- деди Грециянын Тышкы иштер министри.

Министр ошондой эле эстеликтердин статусун өзгөртүү жөнүндө алдын ала тиешелүү жамааттар макулдугун берип, бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде ЮНЕСКО сыяктуу БУУнун тиешелүү органдары алдын ала кабардар болушу керектигин айтты.

«Мен айрыкча, Айя-Софья эстелигин мечитке айландыруу боюнча айтып жатам. Бул маданий мурастарды урматтоо түшүнүгүнө каршы келет. Муну жасагандарды, башка бардык мекемелер жана эл аралык уюмдар менен катар, эстеликти мурдагы статусуна кайтарып берүүгө чакырабыз», — деди Никос Дендиас.

2020-жылдын июль айында Түркиянын мамлекеттик кеңеши Мустафа Кемал Ататүрктүн 1934-жылы Стамбулдагы Айя-Софьяны музейге айлантуу жөнүндөгү жарлыгын жокко чыгарган. Андан кийин бул комплекс мечит катары колдонула турганы белгилүү болгон.

Ошол учурда Греция менен АКШ Түркиянын аракеттерине каршы чыккан. Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бул маселеге төмөнкүдөй жооп берген:

«Түркия башкалардан азандын же Ыйык Курандын аяттары кайда окуларын сурашы керекпи? Түркияга бул жагынан акыл үйрөтө алган эң акыркы өлкө — Греция. Айя Софья Түркия Республикасынын менчиги болуп саналат жана ал басылып алынган».

Маалымат үчүн, Айя Софья биздин замандын 360-жылы Византия императору Константин II тарабынан курулган. Ал жыгачтан салынгандыктан, 404-жылы күйүп кеткен. Чиркөө ошол жылы биринчи жолу оңдолгон. Храмдын учурдагы имараты 532-537-жылдары Византия императору Юстиниан Iнин буйругу менен курулган. Храмдын курулушу 5 жыл 10 айга созулган. Анда 10 миңден ашуун адам иштеген. Тарыхчылар ибадаткананы ошол мезгилдеги эң ири имарат деп атап келишет.

2020-жылдын 10-июлунда Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайындагы Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылып, мечитке айландыруу чечими кабыл алынган. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган кол койгон.

Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, андан соң дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп келген. Айя-Софьянын ичинен Ислам динине тиешелүү да, Христиан динине тиешелүү да сүрөттөрдү жана жазууларды көрүүгө болот.

Музейди мечитке өзгөртүү чечими православдык өлкөлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Ал эми Ислам чөйрөсү муну кубануу менен кабыл алган.

Айя-Софьядагы жума намазга 350 миңден ашык адам катышты (сүрөт)

Түркияда талашка түшкөн Айя-Софья жана анын таржымалы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM