Биз менен байланышыңыз

Бүгүн дагы 44 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 404 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 47 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 25, Чүй облусунда – 9, Ош шаарында – 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 47 адам коронавирустан айыгып, сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 409 бейтап, амбулатордук түрдө 322 адам дарыланууда. Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 154 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 929 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 803 киши айыгып чыкса, 1 миң 458 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM