Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган 110 мылтык алынды

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 475 | 0

Бир ай ичинде Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталып жүргөн 100дөн ашуун мылтык алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир айлыктын жүрүшүндө 700дөн ашык милиция кызматкери жана 150гө жакын жергиликтүү өкүл катышты. Алар тараптан 23 уруксат берүү объекти, 3 миңден ашык мергенчи жана белекке берилген травматикалык куралдын ээлери текшерүүдөн өтүштү. Анын натыйжасында 110 мыйзамсыз сакталган курал-жарак алынды, ошондой эле курал-жарактын сактоо жана каттоо мөөнөтүн бузганы үчүн Бузуулар кодексинин негизинде 451 протокол түзүлүп, 51 миң сомго айып пул салынды.

Ошондой эле бир айлыктын жүрүшүндө мурда катталган 61 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер колго түшүрүлүп, баңгизатына байланышкан 12 кылмыш аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM