Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча соңку көрсөткүчтөр

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 584 | 0

Кыргызстанда 19-февралга карата коронавирустан 3 бейтап көз жумду. Ушуну менен бул оорудан каза тапкандардын саны 1 миң 450 адам болду.

Акыркы бир суткада 83 адамдан коронавирус табылып, жалпы бейтаптардын саны 85 миң 772ге жетти.

Ал эми 58 адам коронавирустан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 82 миң 583 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 411 бейтап, үй шартында 386 адам дарыланып жатат.

Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 4201ге жетти, акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 140 медкызматкер айыгып чыкты.

Акыркы суткада Казакстандын аймагында 901 адамдан коронавирус аныкталды.

Соңку маалыматка караганда, Казакстандагы ооруканаларда коронавирус жуктурган 13 788 бейтап дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери коңшу өлкөдө жалпы 202 825 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 188 606 бейтап сакайып, 2540 киши каза болгон.

Өзбекстанда дагы 50 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 79 598 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 78 100 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 41 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 876 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 153 адам оор, 28 бейтап өтө оор абалда.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда бир айдан ашык убакыттан бери COVID-19 вирусун жуктургандар катталган эмес.

2020-жылдын 30-апрелинен бери Тажикстанда жалпы 13308 адамдан коронавирус табылып, анын ичинен 13218 бейтап айыкты. Оорунун кесепетинен 90 адам көз жумган.

 

Copyright © 2017 Maral FM