Биз менен байланышыңыз

АКШ коронавирус менен күрөшүү үчүн жакыр өлкөлөргө 4 млрд доллар которот

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 673 | 0

АКШ жакыр өлкөлөрдүн вакцина алуусун камсыздоо үчүн кошо турган салымын эки эсе көбөйтөт. Тактап айтканда, COVAX программасына мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард доллар бөлүнөт. Мындай чечимди Жо Байдендин администрациясы кабыл алды.

Жо Байден бул кадамы аркылуу башка бай мамлекеттерди да дүйнөдө коронавируска каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошууга шыктандырат. Байден бул планын 19-февралда «Чоң жети» (G7) саммитинин онлайн жыйынында жарыялары күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттар эл аралык COVAX программасына токтоосуз түрдө эки миллиард доллар которот. Дагы эки миллиард доллар калган өлкөлөр өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин эки жыл аралыгында бөлүнөт.

COVAX — ар кыл өлкөлөрдөгү калктын аярлуу катмарына вакциналарды сатып алуу жана таратуу боюнча глобалдык долбоор. Программа кедей өлкөлөрдүн бай мамлекеттерден кем калбай, элди эмдөөнү уюштурушуна жардам берүүгө багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM