Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде 100гө чукул жүк ташуучу унаа турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Казак тараптын маалыматына ылайык, «Карасу» өткөрүү бекетиндеги текшерүү-инспекциялык пунктундагы мүчүлүштүктөргө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жайлаган. Мындан улам саат 15:00гө карата «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде топтолгон унаалардын саны 100гө чукулдаган.
Чек ара кызматы кыргыз тараптан жүк ташуучу унааларга карата чектөө коюлбаганын белгилейт. Кыргыз-казак чек арасынын башка көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаалардын жана адамдардын өтүүсүнө тоскоолдуктар байкалган жок.