Биз менен байланышыңыз

Ошто аялдардын шайлоого катышуусун кеңейтүү маселеси талкууланып жатат

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 560 | 0

Ош аймактык шайлоо комиссиясында аялдардын шайлоого катышуусун кеңейтүү маселеси талкууланып жатат. 18-февралда башталган жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расулбек Кадыров, шаар жана облустардан келген активист аялдар, жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттар катышты.

Анда быйыл апрель айында өтө турган жергиликтүү шайлоолорго аялдардын катышуусу 30% болушу керектиги айтылды.

Кыргызстан боюнча 484 жергиликтүү кеңеш бар, анын 31и шаардык жана 453 айылдык кеңештер.

Жергиликтүү кеңештерде республика боюнча 8722 мандат бар, анын ичинен эркектер – 7783 (89,2%), ялдар – 933 (10,8%).

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM