Биз менен байланышыңыз

ИИМ кылмыштуу топтун мүчөлөрүн шайлоого катыштырбоону сунуштады

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 780 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Ички иштер министрлиги уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга тыюу салууну сунуштады.

Министрлик «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, кылмыштуу топтун мүчөлөрү, же ага тиешеси бар жарандар президенттик, парламенттик шайлоого, жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна катышып, муниципалдык кызматтарда иштей алышпайт.

ИИМдин маалыматында, уюшулган топтун мүчөлөрү кылмыштуу жол менен тапкан акчасын легалдаштыруу үчүн саясий партияларга, кыймылдарга жана коомдук бирикмелерге киришет. Андан тышкары, алар партияларды каржылап, өз өкүлдөрүн бийликти ар кандай түзүмдөрүнө дайындоого аракет кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM