Биз менен байланышыңыз

Ошто этти кайра иштетүүчү завод ачылат

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 520 | 0

Ош облусунун Кара- Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин карамагында турган мекеме этти кайра иштетүүчү ишкана катары ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Долбоорду Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Анын алкагында консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган. Мындан сырткары ал универсалдуу трикотаж өндүрүү фабрикасы, электромобилдик сервис борбору катары колдонуу боюнча сунуштар берилген.

Ишкана айыл өкмөтүнүн балансында болот, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй жаранга жумуш орду түзүлүшү мүмкүн. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган.

«Биз 70- жылдардагы Кыргызстандын эти деген брендди кайтарабыз. Кезинде Орусияда биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо- талап менен алынып турган. Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбап мал союучу ишкана курулуп жатат. Ошолордун сырьесу бул жерде даяр продукция катары экспортко чыгарылат», — деди Жарасул Абдураимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM