Самат Медеров Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Фонддон кабарлашты.
Буга чейин Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун Алдаярбек Тойгоналиев жетектеген. Ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Самат Медеров 1976-жылы 27-июнда туулган. Эки жогорку билимге ээ.