Биз менен байланышыңыз

20-февралда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 394 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0… +5, күндүзү  +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүзү +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5 күндүзү +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүзү +2…+7.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүзү +5… +7 жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM