Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 450 | 0

Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөн жана YouTube порталынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Комитет башчысы Шамсулло Кабирзоданын айтымында, өлкөдөгү блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй башташы керек.

— Салык комитетинин кызматкерлери блогерлердин ишмердигин изилдеп чыгып, «аларды салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү зарыл» деген чечимге келишти. Бул жеке блогерлерге гана эмес, башка жеке жактарга да тиешелүү. Алар өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып, акча алышат. Ошондуктан салык төлөшү керек. Жаңылбасам, бүгүнкү күнгө карата төрт блогер ишкер катары салык органдарына каттоого турушту, — деди Кабирзода.

Өз кезегинде тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтып, салык төлөй албай тургандыктарын, болбосо социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын жабууга аргасыз болушарын билдиришүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM