Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Айрым тергөөчүлөрдүн билими тайкы

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 776 | 0

Прокуратура, сот системасы мыйзам бузган ишкерлерди камоонун ордуна аларга административдик айып салуу жагын карап, анализдеп чыгышы керек. Анткени акыркы эки жылда терс көрүнүш өстү. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда укук коргоо органдары да кемчиликтерди кетирүүдө. Тергөөчүлөрдүн билими тайкы болгондуктан, кээде маселе жаралып жатат. Сот да териштирбей туруп, тергөөчүнүн маалыматтарын канааттандырат.

«Жөнөкөй адам, саясатчы, ишкер болобу, баарын эле «уурусуң, күнөөлүүсүң» дегендей мамиле кылууда. Бирок күнөөлөө, актоо жана нейтралдык версия да болушу керек. Мына ушуларды эске алуу зарыл. Учурда укук коргоо системабыз күнөөлөөчү багытка кетип калгандай. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деп, териштирбей туруп чечим чыгарып алабыз же териштирүүгө билимибиз, кесиптик деңгээлибиз жетишпейт. Тергөөчүлүк оңой нерсе эмес», — дейт Мамытов.

Ал кошумчалагандай, мүлк, финансы, курулуш тармагы боюнча Акыйкатчы институна кайрылуулар көп болуп жатат. Өлкөдө акыйкаттык орномоюнча, инвестиция келбейт. Инвесторлордун келбей жатканына акыйкатсыздык, саясий туруксуздук, адам укугунун корголбошу себеп болууда. Аталган маселелер социалдык, экономикалык багытка да чоң таасир этип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM