Биз менен байланышыңыз

Муфтийлик кызматка талапкерлерди каттоо башталды

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 811 | 0

Бүгүн, 17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысына талапкерлердин арыздары кабыл алына баштайт.  Талапкерлер 17-мартка чейин катталат.

Муфтийдин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо боюнча «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлгөн. 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтөт.

Талапкерлерге тийиштүү талаптарды бул шилтемеден окуса болот.

10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ажылыкты уюштуруу маселесине байланыштуу Муфтияттын ишмердүүлүгүнө териштирүү баштаган. Анын алкагында Муфтияттын башкы эсепчиси (Ж.Б.) өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө айыпталып камалган. Ошол эле күнү кечинде экс-муфтий Токтомушев да бул кылмышка байланыштуу кармалган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгарган.

Учурда муфтийдин милдетин анын орун басары  Жоробай ажы Шергазиев убактылуу аткарып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM