Биз менен байланышыңыз

Сыргабаев: Өлкөдө Үй-бүлө министрлигин түзүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 550 | 0

Кыргызстанда Үй-бүлө министрлигин түзүү керек. Мындай пикирин социология илимдеринин кандидаты, доцент Самарбек Сыргабаев «Марал» радиосуна маек куруп жатып айтты.

Японияда суицид чоң көйгөй болгондуктан, өлкөдө жалгыздык маселелери боюнча министрлик пайда болгонун мисал катары айтты.

Сыргабаев белгилегендей, Кыргызстан келечекте өзүнүн тамырына, улуттук иденттүүлүгүнө гана таянышы керек. Учурда ааламдашуу доорунда өз тамырына таянуу актуалдуу болуп баратат.

Ал эми саясий илимдердин кандидаты, доцент Бактыбек Сейитбаевдин баамында, Кыргызстанда жаңы муун көбүрөөк либерализмге жакын болот.

«Жаңы муун мурдагыларга караганда чет мамлекеттерди көргөн, билимдүү. Алар бийликтин үч бутагынын болушу, сөз эркиндиги, менчиктин түрдүүлүгү, кыскасы, демократиянын принциптерине жакын. Көпчүлүгү консерватизмден алыс», — дейт Сейитбаев.

Ата-энесин карабагандардан алимент алуу сунушталууда

Copyright © 2017 Maral FM