Биз менен байланышыңыз

Орозова: Балдарды коргой турган орган керек

Күн чабыт | 25 Дек 2018 | 875 | 0

Акыркы 10 күндүн ичинде эле балдардын зордук-зомбулукка кабылышы, кароосуз ташталышы боюнча жаңылыктар байма-бай жарыяланып жатат. Буга ким күнөөлүү, ким жооптуу? Бул боюнча өкмөт башчы да атайын кеңеш өткөрүп, алдын алуу чараларын көрүүнү тапшырды. Ушул теманын алкагында «Күн чабыт» программасында Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова менен түз эфирде маектештик.

-Соңку учурда мисалдар көрсөтүп жаткандай балдарга карата зордук-зомбулук көп катталууда. Бул жерде мамлекет, бийлик бутактары алсыздыгын көрсөтүп жаткан жокпу?

Мунун бардыгы бизде кабыл алынган мыйзамдардын өз убагында аткарылбагандыгы, коомчулуктун кайдыгер мамилеси, тиешелүү кызматтардын өз ишин аткарбагандыгы деп билем. Ошондой эле социалдык кызматкерлерге бул иштер менен алек болуусу үчүн шарттар каралган эмес.

-Зордук-зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгү эмгек мигранттарынын балдары. Бул жерде ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керекпи?

Албетте. Азыркы учурда ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү — учурдун талабы. Анткени балдардын укугу Конституцияда корголгону менен, балдарын буюм катары колдонгон ата-энелер да бар. Буюмду таштагандай эле балдарын тууган-тааныштарга таштап кетип жатышат. Бизде Эмгек кодексинде бала 3 жашка чыкканга чейин эмгек орду сакталары боюнча айтылган. Ошондуктан, балдарга 3 жашка чейин жөлөк пулду берип туруп, балдарын ал убакытка чейин эч кимге таштабай тургандай кылыш керек. Таштаса жоопкерчиликке тартыла тургандай кылуу зарыл. Азыркы тапта балдардын укугун коргоо багытында көп мыйзамдар талкууланып жатат. Буга чейин да кабыл алынгандар көп эле. Бирок мунун аткарылышы өзүнчө суроо. Азыр электрондук түргө өтпөсө, аткарылышы оор экен. Мындан тышкары коомчулуктун да жоопкерчилиги бар. Тилекке каршы, окуя болгондон кийин гана коомчулук үн катып жатат. Баланын кандай шартта жашап жатканын мурда эле билгенин айтып чыгышууда.

-Негизи Кыргызстанда зордук-зомбулукка тобокелчилиги бар балдардын базасы барбы?

-Чындыгында, бизде балдар боюнча толук маалыматты эч жерден ала албайсың. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар боюнча толук маалымат жок. Эч кандай база түзүлгөн эмес. Же болбосо азыркы күндө ким баласын тууган-туушкандарына таштап жатат. Ал жөнүндө эч кандай маалымат жок. Мунун баары эмнени түшүндүрөт. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча атайын орган керек. Ошол органды түзмөйүнчө, ал базаны түзүү боюнча эч ким алектенбейт. Себеби мамлекеттик каттоо кызматында күбөлүк алган жөнүндө эле маалымат болсо, министрликте болсо ошол документтерди тапшырганы жөнүндө маалымат бар. Ал эми ортосундагы маалыматтар кайда калат белгисиз. Ошондуктан ушул органды түзбөсөк, маселенин чечилиши кыйын. Базаны дагы эч бир ведомство түзбөйт.

-Рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM