Биз менен байланышыңыз

Германиялык депутат кыргызстандыктарды үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап калууга чакырды [видео]

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 1608 | 0

Германия парламентинин (Бундестаг) депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Вальдемар Гердт Кыргызстан жарандарына видеокайрылуу жолдоду. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» сайты жазды.

Досторум деп кайрылган видеодо кыргызстандыктарды салттуу үй-бүлө баалуулуктарын, нукуралыкты сактап калууга чакырды.

«Чоң атам бир убактарда «улутту жок кылуу үчүн аны баалуулуктарынан ажыратуу жана үй-бүлө институтун бузуу керек, ошондо 4 муундан соң ал улут жок болуп кетет» деп айткан болчу. Учурда Европада бул нерсе аябай байкалып жатат. Немис улуту жок болуп кетүү алдында турат, бул жашыруун нерсе эмес.  Бир үй-бүлөгө карата  төрттөн бир же сегизден бир туура келген балдар арасында каармандыкка теңеп алган гомосексуалдык катнаш терең жайылууда. Учурда адалдык, берилгендик, чынчылдык, көп балалуу үй-бүлө сыяктуу баалуулуктар эскинин саркындысы же артта калгандык сыяктуу бааланып калды. Бул өтө коркунучтуу. Үй-бүлөдө гана улууларды сыйлоого, бири-бирине жардам берүүгө үйрөтөт эмеспи. Тукум уулоо сыяктуу мыйзам ченемдүү процесс мына ушундай чоочун идеологиянын жайылышы менен үзгүлтүккө учурайт. Кыргыз өлкөсүн учурда Европага жайылган бул жугуштуу ооруудан сактагыла. Бул нерсе демократиянын эмес, бул — цивилизациянын жок болушунун белгилери«, — деди Гердт.

Ошондой эле ал өлкөгө өнүгүү каалап, Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан да колдоо болот деген ишеничин билдирген.

Айта кетсек, Вальдемар Гердт Казакстанда туулган, учурда Германия парламентинин депутаты жана ишкерлик менен алектенет.

Copyright © 2017 Maral FM