Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда болочок жубайлар үйлөнөргө чейин окутулат

Дүйнө | 4 Ноя 2018 | 955 | 0

Ташкент шаарында “Болочок жаш жубайлар үчүн инновациядык мектеп” ачылды. Бул тууралуу УзА маалыматтык агенттиги жазып чыкты.

Анда алар үй-бүлөлүк жашоонун негиздерин үйрөнө алышат. Мектеп борбордун Шайхантур районундагы ЗАГСынын колдоосу менен ачылды. Аны менен катар “Оила” илимий-практикалык изилдөө борбору, Жаштар биримдиги, Аялдар комитети уюштурду.

Мектеп Өзбекстандагы бекем жана үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн санын арттырууну көздөйт. Билим берүү мекемесинин программасында улуттук каада-салттар, учурдагы заманбап көндүмдөр үйрөтүлөт.

Белгилей кетсек, соңку жылдары өлкөдө ажырашуу шарттары катаалдашкан. Өкмөт ажырашып жаткандардан алынчу мамлекеттик салыктын өлчөмүн 4 эсеге көбөйткөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM