Биз менен байланышыңыз

60 жаран кытайлыктар менен үй-бүлө курган

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 572 | 0

Өткөн жылы кыргызстандык 60 жаран Кытай жараны менен никеге турган. Бул тууралуу Каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова окмөттүн жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, кытайлык жарандар менен никеге тургандардын көпчүлүгүн кыргыз кыздары түзөт. Ошондой эле Кытай жараны болгон этникалык кыргыздар менен үй-бүлө кургандар да бар.

Жалпысынан бир жылда 1762 чет өлкөлүк жаран менен үй-бүлөө курулган. Анын ичинен 582 киши Орусиянын жарандары менен никеге турган. 489 кыргызстандык Өзбекстан жарандары менен үйлөнгөн болсо, 192 жаран тажикстандыктар менен үй-бүлөө курган.

Эске салсак, буга чейин коомдук желелерде чагымчыл маалыматтар таралып, анда 60 миң кыргыз кызы кытайларга түрмушка чыкканы тууралуу айтылган. Жалган кабар коомчулукта кызуу талкууларга жем таштап, жектөөчү пикирлер байма-бай чыгып турган. Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындай терс көрүнүштүн алдын-алуу максатында өлкөдөгү чет элдиктер тууралуу так маалыматтар элге кеңири жеткирилип туруусун дайындады.

 

Copyright © 2017 Maral FM