Биз менен байланышыңыз

Монголияда экономикалык кылмыштарга байланыштуу 500 кытай жараны кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 758 | 0

Монголияда укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда 4 мейманканадан 500дөй кытай жараны кармалган. Бул тууралуу «CA-news: Борбор Азия жаңылыктары» маалымат кызматы жазды. Кармалгандар кибер кылмыштары боюнча айыпталууда.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандарда 10 миң мобилдик телефон жана 1000ден ашык эң жогорку ылдамдыктагы компьютерлер, андан сырткары 10 миң монгол сим-карталары болгон.

Ал эми жергиликтүү zarig.mn маалымат булагы колго түшкөндөр Гонконг жарандары экендигин жарыялады. Учурда алдамчылык жол менен акча табууга байланыштуу экономикалык кылмыштын масштабы изилденүүдө.

Эске салсак, 2018-жылдын ноябрь айында Камбоджа полициясы интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген 200 чет элдик жаранды кармаган. Кылмышка тиешеси бар делген 1000ге жакын кытайлыктар жана тайвандыктар өлкөдөн депортация кылынган. Чет өлкөдө отуруп кытай топтору жасаган интернеттеги алдамчылык Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири жайылган. Мындай көрүнүш Кения жана Испания өлкөлөрүндө да орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM