Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Аялдарга жасалган катаал мамилени мамлекет көңүл сыртында калтырбайт

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 601 | 0

Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт. 2020-жылы Өкмөт аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген  үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Аялдар күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат», — деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Муну менен катар үй-бүлөдөгү  зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүү маселесин изилдөө боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн тездетүү тапшырмасы берилди. Абылгазиевдин айтымында, бул иш жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуунун негизинде аткарылышы керек.

Премьер-министр Ички иштер министрлигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен биргеликте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM