Биз менен байланышыңыз

Монголия 800 кытай жаранын депортациялады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 4410 | 0

Монголияда экономикалык кылмыштарга айыпталып кармалгандардын саны 800дү түздү. Монголиянын montsame.mn сайты жазгандай, алар 30 күндүк туристтик визага ээ болгону менен атайын поезддер менен өлкөдөн чыгарылууда. Мындай маалыматты Монголиянын иммиграциялык агенттиги билдирген.

Эске салсак, 30-октябрда укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда 5 мейманканадан жалпы 800дөй кытай жараны кармалган. Алар интернет аркылуу алдамчылык жол менен акча табууга байланыштуу айыпталууда. Кармалгандар Гонконг тургундары экендиги аныкталган.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандарда 10 миң мобилдик телефон жана 1000ден ашык эң жогорку ылдамдыктагы компьютерлер, андан сырткары 10 миң монгол сим-карталары болгон.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын ноябрь айында Камбоджа полициясы интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген 200 чет элдик жаранды кармаган. Кылмышка тиешеси бар делген 1000ге жакын кытайлыктар жана тайвандыктар өлкөдөн депортация кылынган. Чет өлкөдө отуруп кытай топтору жасаган интернеттеги алдамчылык Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири жайылган. Мындай көрүнүш Кения жана Испания өлкөлөрүндө да орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM