Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Оштогу аэропорт Алматыдан учкан алгачкы каттамды тосуп алды

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 437 | 0

«Ош» эл аралык аэропорту бүгүн, 16-февралда SCAT авиакомпаниясынын Алматы-Ош-Алматы багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.

Аэропорттун маалымат кызматы билдиргендей, чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

«Аталган каттам менен Алматы шаарына бир жаш баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM