Биз менен байланышыңыз

«Министрликтерди функциясына, саясатына карап ирилештирүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2021 | 1040 | 0

Министрликтерди функциясына, саясатына карап ирилештирүү керек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги президенттин алдындагы мекеме болсо жакшы болмок. Анткени учурда Бажы биримдигине мүчөбүз, ЕАЭБ өлкөлөрү менен алакадабыз. Алар менен биргеликте болгон иш-чарларда биздин агенттик Экономика министрлигине байланбаган жеке структура болушу керек. Келечекте баа саясаты чоң көйгөйлөрдү алып келет. Себеби келе жаткан жыл жут жылдардын бири болот. Кыргызстан — импортко көз каранды өлкө. Бир эле мисал, өсүмдүк майынын 80%ы сырттан ташылып келет», — дейт Тукунов.

Copyright © 2017 Maral FM