Биз менен байланышыңыз

Тукунов: Керектөөчүлөрдүн 5%ы гана укуктарын толук билет

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2021 | 776 | 0

Керектөөчүлөрдүн 5 пайызы гана укуктарын толук билет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзамдар көбүнесе керектөөчүлөрдүн укугун коргоого эмес, тебелөөгө арналган.

Жарандардын мыйзамдарда каралган укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүү оор жагдайда турат.

«Ошондуктан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында айлык өткөрүп турабыз. Бул айлык 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйылкы иш-чарада ЖОЖдордо, мектептерде семинарлар өтүлөт. Социалдык тармактарда да маалыматтар берилет», — дейт Тукунов.

Айта кетсек, 15-март — дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнү.

Copyright © 2017 Maral FM