Биз менен байланышыңыз

Тукунов: Саясатка акчалуулар келет деген стереотипти жоюу үчүн саясатка аттандык (видео)

Илгери аталар мамлекетти жоктон бар кылып түптөсө, азыркы саясатчы, жетекчилер бар мамлекетти жоюп бара жаткандай таасир калтырат. Мындан улам саясатка аралашууга туура келди. Азыркы саясатчыларга чынчылдык, жоопкерчилик керек. Мындай пикирин «Балыкчы-Ак-Жол Ынтымагы» коомунун жетекчиси, жарандык активист Акжолтой Тукунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, баннер, китептердеги каталар аткаминерлердин билимсиздигинен келип чыгууда. Өлкө улут катары жоголуп баратат.

Тукунов «Балыкчы-Ак-Жол Ынтымагы» коому 2020-жылкы парламенттик шайлоодо партиялар менен биригүүгө даяр экенин айтты. Эгерде парламентке өтүп калса, азыркы жетекчилердей өзүнө жумшак, элге катуу болбой турганын белгилеп, алгач чек ара маселесин чече турганын билдирди.

Ошондой эле мигранттарды каттоо боюнча шарттарды карап чыгарын кошумчалады.

«Алтын кендердин баарын мыйзам чегинде кайтартып алабыз. Элдин талабы менен, калкка пайдалуу мыйзамдарды жазам. Өкмөттө эл үчүн алгылыктуу иштеп, андан ары президент болууга даярмын. Саясатка акчалуулар келет деген стереотипти жоюу үчүн саясатка аттандык. Мисалы, Украинада президенттик шайлоодо Владимир Зеленский ойдо жок жерден утуп чыкты. Парламентке келериме ишенем. Парламентке өтпөй калсам да, элге жардам берем», — дейт Тукунов.

Ал мындан сырткары, өзү жетектеген коом тууралуу да маалымат берди.

«Башкы максатыбыз: элге жана мамлекетке көмөк көрсөтүү. Каражатты коомдун мүчөлөрү топтойт. Коом эч бир саясий күчкө байланган эмес. Иш-чаралар эл аралык деңгээлде өтүүдө. Алсак, алгач «Ысык-Көлдү булгабайлы» деген акция өткөргөнбүз. Ал жыл сайын уюштурулуп жатат. Көлдү таштандыдан тазалайбыз», — дейт Тукунов.

Анын берген маалыматына таянсак, 2016-жылы түптөлгөн «Балыкчы-Ак-Жол Ынтымагы» коомуна 5 миңден ашуун жаран мүчө. Ал 3 багытта иш алып барат. Алар: жаратылышка аяр мамиле жасоо; сергек жашоо; тарых жана маданиятка көңүл буруу. Коом андан бери президенттин, өкмөттүн аппараты, бир катар депутаттар менен байланышып, коомдук иштерди аткарып жүрөт.

Саясатка аттанган жаңы жүздөрдү тааныткан "Дымак" программасыБүгүнкү конок: "Балыкчы-Ак-Жол Ынтымагы" коомунун жетекчиси, жарандык активист Акжолтой ТукуновСуроо берүү үчүн: 0312680606, 0709680606 whatsapp 0552 680606

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Четверг, 19 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM