Биз менен байланышыңыз

«Көкүлов аткарган иштерди биз кылышыбыз керек эле»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2021 | 1363 | 0

Блоггер, журналист Эрулан Көкүлов аткарган иштерди Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кылышы керек эле. Мындай пикирин аталган агенттиктин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Көкүлов кайсы бир объектини текшериши үчүн арыз талап кылынбайт. Агенттик көзөмөл жүргүзүү үчүн алгач Экономика министрлигине билдирүү жөнөтүп, алар карап уруксат берген соң гана иш алып бара алат. Жалпылап айтканда, керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо баарын татаалдаштырып салган.

«Көкүловго Кыргызстандын жана биздин атыбыздан ыраазычылык айтып кетем. Ал жасаган иштерди биз, мамлекет кылышыбыз керек болчу. Орусияда «Контрольная закупка» деген программа бар. Биз да ошондой аналог ачсак жакшы болмок. Бизде товарлардын сапатын текшерип, экспертизага берген мекемебиз да жок. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин аты эле бар. Бирок ага кошумча бөлүмдөр жок», — дейт Тукунов.

Көкүлов алдыда жеке менчик клиника, сулуулук салондорун текшерет

Copyright © 2017 Maral FM