Биз менен байланышыңыз

Көкүлов алдыда жеке менчик клиника, сулуулук салондорун текшерет

Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 1121 | 0

«Бал шекер» долбоору кайрадан жанданат. Бул тууралуу журналист, блогер Эрулан Көкүлов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Бал шекер» долбоорунун алкагында стоматология, сулуулук салондору жана жеке менчик медициналык мекемелерде көзөмөл жүргүзүлөт.

«Жеке менчик УЗИлерди ким текшерет? Эч ким текшербейт. Балким алар туура эмес иштеп жатышат. Ошондуктан «Бал шекер» долбоорунун келечеги кең. Ошол эле кезде «Не сахар» долбоорунун алкагында ишкерлердин көпчүлүгү оңолууга даяр болууда. Бул жерде же начар бизнес жабылат, же болбосо сапаттуу иштегенге өтөт. Башка вариант болбойт», — дейт Көкүлов.

Ал коомдук тамактануу жайлары, тамак-аш саткан дүкөндөр кардардын ак эмгек менен тапкан каражатын актап, татыктуу кызмат көрсөтүүгө тийиш экенин белгилеп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM