Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 421 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Каза болгондордун бири Чүй облусунан, бирөөсү Нарын облусунан болгон.

Жаңы катталган учурлар: Бишкекте – 37 адамдан, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал — Абад облусунда – 4, Баткен облусунда — 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 92 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Аймактар боюнча алсак, Бишкекте – 38, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 32, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 3 киши коронавирустан айыгып чыкты.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 496 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 194 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 113 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 398 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 98 киши айыгып чыкса, 1 миң 439 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM