Биз менен байланышыңыз

Узакбаев: Кавасаки синдромуна шектелген 28 бала ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 5376 | 0

Кыргызстанда 28 бала кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 15инде аталган синдромго окшош белгилер катталууда. Алар 2 жаштан 16 жашка чейинки балдар.

Узакбаевдин маалыматы боюнча, 2 баланын абалы оор болчу. Учурда алардын абалы турукташып калды, бирок башка дарт менен жабыркашат. Айрым балдардын абалы оор, айрымдарынын абалы орто оор деп бааланып жатат.

9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.

Кавасаки синдромунун кантип алдын алса болот?

Copyright © 2017 Maral FM