Биз менен байланышыңыз

Кавасаки синдромунун кантип алдын алса болот?

Коом , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 4703 | 0

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы менен күрөшүү жүрүп жатканда, айрым өлкөлөрдө жаш балдар арасында өтө сейрек кезиккен “кавасаки” сыяктуу синдромдун көбөйгөнү байкалган. Социалдык тармактарда бул илдет тууралуу ар кандай маалымат тарап, ата-энелердин жүрөгүнүн үшүн алууда.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев Кавасакинин белгилери, алдын алуу жолдорун айтып берди.

Белгилери:

— Кавасаки синдромуна көбүрөөк жаш балдар кабылат. Ал дарт көп органдарды жабыркатат. Алардын ичинен жүрөк, өпкө органдарында коркунуч чоң.

Бул илдет адамдын терисинен байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып, денеде кызыл тактар пайда болот. Бала кусуп, ичи ооруйт. Жүрөктүн, бөйрөктүн кан тамырларын жабыркатат. Дене табы көтөрүлөт. Бирок ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек.

Узакбаевдин айтымында, учурда баарынын жүрөгүнүн түшүүсүнө соцтармактарда тараган ар кандай кабарлар себеп болууда. Буга чейин АКШ жана башка Европа өлкөлөрүндө катталган учурлар байкалган болсо, жакынкы күндөрдө, жаңы эле коронавирус инфекциясынын катуу толкунуна кабылган Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө жайыла баштаганы маалым болду. Коңшу өлкө Казакстанда расмий тарап 17 бала Кавасаки оорусу менен катталганын билдирди.

Кантип алдын алыш керек?

— Коронавирус балдарда жеңил өтөт деп айтып жатабыз. Бирок жеңил өттү деп эле калтырып койбостон, коронавируска чалдыккан балдардын саламаттыгына жакшылап көңүл буруп, алардын иммунитетин көтөрүү зарыл. Вируска кабылган балдарды толугу менен өзүнүн калыбына келтирүү зарыл.

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн коронавирустун балдарга тийгизген таасиринин (Кавасаки синдрому түрүндө оорунун күч алышынын мүмкүндүгү боюнча) өзгөчөлүктөрү тууралуу колдонмону иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун отуруму болгон. Эксперттик топко тажрыйбалуу адистер (педиатр, балдар гематологу, кардиолог, кардиолог-ревматолог, реаниматологдор) кирген.

Отурумда балдарда пайда болгон оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары талкууланган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиевдин айтымында, министрлик бул коркунучтуу илдеттин алдын алуу, аныктоо жана дарылоого даярдыктарды көрүүдө.

— Мурда COVID-19 кары адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн кооптуу деп ойлосок, учурда балдардын арасында ал ооруну оор көтөргөн учурлар бар деген маалыматтар чыгып жатат. Ошондуктан балдардагы коронавирусту дарылоо боюнча сунуштамалар иштелип чыгып, ал төртүнчү клиникалык протоколдо чагылдырылды. Ошондой эле Кавасаки синдромунун COVID-19 менен айкалышкан учурун өзүнчө бөлүп кароо зарыл. Ага байланыштуу дарыгерлерге Кавасаки синдрому бар балдарды диагностикалоо жана дарылоого жардам бере турган документти иштеп чыгуусу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталбаганын белгилеп кетүү керек, — деди ал.

Педиатр Венера Шүкүрованын айтымында, эксперттик топтун иши бир эле Кавасаки синдрому менен чектелбейт. Күз-кыш мезгилинде ар түрдүү сыркоолорго дайын болуу керек.

— Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, коронавирус жуктургандардын 10% балдар болууда. Аларын ичинен 2 пайызында коронавирус клиникалык түрдө тастыкталган. Коронавирус жуктурган ымыркайлардын 1% ооруну оор көтөрөт. Педиатрлар бардык кырдаалга даяр болушу зарыл. Төртүнчү протоколдо балдар тууралуу бөлүм бар. Иш ал бөлүмгө ылайык жүргүзүлөт, — деди ал.

Эксперттик топ билдиргендей, балдарды пландык эмдөө жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмизүү — коркунучтуу оорулардын алдын алуунун бир жолу.

Министрликтен билдиришкендей, учурда Республикалык иммундук профилактика борбору калк арасында пландык эмдөө жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM