Биз менен байланышыңыз

Мусуралиев: Ишкерлер чет өлкөлөргө кача баштады

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2021 | 729 | 0

Акыркы убакта ишкерлерден арыздар көп түшө баштады. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Арыздардын көп түшө баштаганынын эки себеби бар: биринчиден, биз мурда аралыктан иштесек, азыр шарттуу режимде иштеп жатабыз; экинчиден, укук коргоо органдары тарабынан бизнеске ашыкча басым болууда», — дейт Мусуралиев.

Анын айтымында, ишкерлерден түшкөн арыздардын 40 пайыздан ашыгын салык (кошумча салык, ашыкча төлөм ж.б.) боюнча көйгөйлөр түзөт.

Кыргызстанда салыктар көлөмдүү эмес, бирок аны башкаруу системасы өтө татаал. Ишкерлердин 60%дан көбү башкаруу системасын түшүнбөйт. Мамлекеттик салык кызматы тейлөө моделине өтүшү керек, дароо баса калбай, түшүндүрүп, маалымат бериши зарыл. Туруктуу шарттын жоктугунан ишкерлер чет өлкөгө кача баштады.

Copyright © 2017 Maral FM